Кайсы дерозиттер корголот
- Башкы
- Кайсы дерозиттер корголот
Кайсы депозиттер корголот
Депозиттерди коргоо системасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык депозиттерди коргоону камсыз кылат.
Коргоо депозиттерди коргоо тутумуна катышуучу банкта / микрофинансылык компанияда / турак жай-сактык кредиттик компанияда ачылган депозиттерге колдонулат.
Корголуучу депозиттер
Мыйзамга ылайык төмөнкү депозиттер коргоого алынат:
- жеке жактардын (жарандардын) депозиттери;
- жеке ишкерлердин депозиттери жана эсептериндеги акча каражаттары;
- сом жана чет өлкө валютасындагы депозиттер;
- мөөнөттүү депозиттер жана талап кылынганга чейин эсептер.
Компенсациянын максималдуу өлчөмү
Кепилденген учур келгенде аманатчыга төлөнүүчү компенсациянын максималдуу өлчөмү: 1 000 000 сомго чейин.
Компенсация төлөө тартиби
Кепилденген учур келип чыкканда компенсацияларды төлөө Агенттик тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.
Корголбой турган депозиттер
Айрым учурларда төмөнкү депозиттер коргоого алынбайт
- юридикалык жактардын депозиттери;
- банктын инсайдерлерине жана аффилирленген жактарына таандык депозиттер;
- банк башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө байланышкан депозиттер ж.б.