Биз сунуштайбыз:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
- Туруктуу эмгек акы;
- Кызыктуу жана амбициялуу тапшырмалар;
- Алдыңкы эксперттерден тажрыйба алуу;
- Кесиптик көндүмдөрдү үзгүлтүксүз өркүндөтүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү;
- Корпоративдик окуу;
- Иштөө убактысы: Дүйшөмбү – Жума 8:30дан 17:30га чейин;
- Сыноо мөөнөтү аӊгемелешүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет.
Талапкерлерге коюлган талаптар:
- Жогорку билим;
- Корпоративдик катчы аткарылып жаткан функциялардын мүнөзүнө ылайык келген кесиптик көндүмдөрдү жана квалификациянына ээ болуусу;
- Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча мыйзамдары;
- Корпоративдик катчы төмөнкүлөрдү билиши керек:
– корпоративдик башкаруунун негиздерин;
– иш кагаздарын жүргүзүүнүн негиздерин;
– документтердин текстин түзүүнүн өзгөчөлүктөрүн, түрлөрүн жана түзүмүн;
– эмгек жамааттын иштик этикасын жана мамилелеринин этикасын;
– эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария жана өрткө каршы эрежелерди жана ченемдерди;
- Эл алдында чыгып сүйлөө жана иштиктүү байланыштарды жана ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана орнотууга карата ыкмалар;
- Жогорку компьютердик сабаттуулук, MS Office Excel программалары менен иштөө;
- Ири көлөмдөгү маалыматтарды системалаштыруу, чогултуу жана иштетүү боюнча жогорку көрсөткүчтөр;
- Көп тапшырманы аткаруу, стресске туруштук берүү, командада иштей билүү;
- Жоопкерчилик, аткаруучулук, көңүл коюу сапаттары;
- Орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөө.
Кандай милдеттерди аткарат:
- Директорлор кеңешинин жыйналыштарын даярдоодо жана өткөрүүдө, ошондой эле жыйналыштардын ортосундагы мезгилде Директорлор кеңешинин ишин маалыматтык жана документтик камсыздоону уюштуруу Корпоративдик катчынын негизги милдеттери болуп саналат.
- Корпоративдик катчы төмөнкү функцияларды аткарат:
- Директорлор кеңешинин ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу;
- Директорлор кеңешинин жыйналыштарын өткөрүү жөнүндө Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнө кабарлайт;
- Директорлор кеңешинин жыйналышынын күн тартибине керектүү материалдарды жана документтерди аларга жөнөтүүнү (жеткирүүнү) камсыздайт;
- жыйналышка катышпаган Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү корутундуларын чогултат жана аларды Директорлор кеңешинин төрагасына берет;
- Директорлор кеӊешинин жыйналышын өткөрүүдө Агенттиктин Директорлор кеӊешинин Иш Регламентине ылайык жыйналыштын өткөрүү тартибин талаптагыдай сактоону камсыз кылат;
- Директорлор кеңешинин ар бир жыйналышында протокол түзөт жана аларды белгиленген мөөнөттө түзөт;
- жыйналышта кабыл алынган Директорлор кеңешинин чечимдерин (анын ичинде сырттан) токтом түрүндө жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кол койгон ар бир маселе боюнча добуш берүү барагын даярдайт;
- Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө керектүү маалыматтарды алууга көмөк көрсөтөт;
- анын милдеттерине кирген коопсуздук жол-жоболорун сактоого тоскоол болгон бардык фактылар жөнүндө Директорлор кеңешинин төрагасына маалымдайт;
- Директорлор кеңешинин чечимдерин аткаруучуларга жеткирет, чечимдердин аткарылышын контролдойт;
- кызыкчылыктардын кагылышынын келип чыкпашы максатында түзүлгөн Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн анкеталарын чогултууну жана сактоону камсыздайт;
- Директорлор кеңешинин документтеринин жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыздайт;
- Директорлор кеңешинин жыйналышына күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулоого катышкан адамдарды же Директорлор кеңештин жыйналышына маселелерди даярдаган адамдарды чакырууну камсыздайт;
- Директорлор кеңеши тарабынан түзүлгөн комитеттердин жана комиссиялардын ишин камсыз кылууга байланышкан иштерди уюштурат.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- дипломдордун, билими тууралуу аттестаттын көчүрмөлөрү;
- сунуш каттары (эгер бар болсо).
Документтер 2026-жылдын 9-июнуна иш күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин, 9.00дөн 17.30га чейин (тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин), Бишкек шаары, Москва көчөсү 190, 1 кабат, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону 0312 456 456
Байланыш маалыматы:
- телефон: +996 (312) 456456
- deposit@deposit.kg
- https://www.deposit.kg/