Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигининкорпоративдик катчыбош кызмат ордуна талапкерлерди тандооүчүн ачык сынак жарыялайт

Биз сунуштайбыз:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
  • Туруктуу эмгек акы;
  • Кызыктуу жана амбициялуу тапшырмалар;
  • Алдыңкы эксперттерден тажрыйба алуу;
  • Кесиптик көндүмдөрдү үзгүлтүксүз өркүндөтүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү;
  • Корпоративдик окуу;
  • Иштөө убактысы: Дүйшөмбү – Жума 8:30дан 17:30га чейин;
  • Сыноо мөөнөтү аӊгемелешүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

  • Жогорку билим;
  • Корпоративдик катчы аткарылып жаткан функциялардын мүнөзүнө ылайык келген кесиптик көндүмдөрдү жана квалификациянына ээ болуусу;
  • Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча мыйзамдары;
  • Корпоративдик катчы төмөнкүлөрдү билиши керек:

– корпоративдик башкаруунун негиздерин;

– иш кагаздарын жүргүзүүнүн негиздерин;

– документтердин текстин түзүүнүн өзгөчөлүктөрүн, түрлөрүн жана түзүмүн;

– эмгек жамааттын иштик этикасын жана мамилелеринин этикасын;

– эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария жана өрткө каршы эрежелерди жана ченемдерди;

  • Эл алдында чыгып сүйлөө жана иштиктүү байланыштарды жана ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана орнотууга карата ыкмалар;
  • Жогорку компьютердик сабаттуулук, MS Office Excel программалары менен иштөө;
  • Ири көлөмдөгү маалыматтарды системалаштыруу, чогултуу жана иштетүү боюнча жогорку көрсөткүчтөр;
  •  Көп тапшырманы аткаруу, стресске туруштук берүү, командада иштей билүү;
  •  Жоопкерчилик, аткаруучулук, көңүл коюу сапаттары;
  •  Орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөө.

Кандай милдеттерди аткарат:

  • Директорлор кеңешинин жыйналыштарын даярдоодо жана өткөрүүдө, ошондой эле жыйналыштардын ортосундагы мезгилде Директорлор кеңешинин ишин маалыматтык жана документтик камсыздоону уюштуруу Корпоративдик катчынын негизги милдеттери болуп саналат.
  • Корпоративдик катчы төмөнкү функцияларды аткарат:
  • Директорлор кеңешинин ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу;
  • Директорлор кеңешинин жыйналыштарын өткөрүү жөнүндө Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнө кабарлайт;
  • Директорлор кеңешинин жыйналышынын күн тартибине керектүү материалдарды жана документтерди аларга жөнөтүүнү (жеткирүүнү) камсыздайт;
  • жыйналышка катышпаган Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү корутундуларын чогултат жана аларды Директорлор кеңешинин төрагасына берет;
  • Директорлор кеӊешинин жыйналышын өткөрүүдө Агенттиктин Директорлор кеӊешинин Иш Регламентине ылайык жыйналыштын өткөрүү тартибин талаптагыдай сактоону камсыз кылат;
  • Директорлор кеңешинин ар бир жыйналышында протокол түзөт жана аларды белгиленген мөөнөттө түзөт;
  • жыйналышта кабыл алынган Директорлор кеңешинин чечимдерин (анын ичинде сырттан) токтом түрүндө жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кол койгон ар бир маселе боюнча добуш берүү барагын даярдайт;
  • Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө керектүү маалыматтарды алууга көмөк көрсөтөт;
  • анын милдеттерине кирген коопсуздук жол-жоболорун сактоого тоскоол болгон бардык фактылар жөнүндө Директорлор кеңешинин төрагасына маалымдайт;
  • Директорлор кеңешинин чечимдерин аткаруучуларга жеткирет, чечимдердин аткарылышын контролдойт;
  • кызыкчылыктардын кагылышынын келип чыкпашы максатында түзүлгөн Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн анкеталарын чогултууну жана сактоону камсыздайт;
  • Директорлор кеңешинин документтеринин жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыздайт;
  • Директорлор кеңешинин жыйналышына күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулоого катышкан адамдарды же Директорлор кеңештин жыйналышына маселелерди даярдаган адамдарды чакырууну камсыздайт;
  • Директорлор кеңеши тарабынан түзүлгөн комитеттердин жана комиссиялардын ишин камсыз кылууга байланышкан иштерди уюштурат.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • резюме;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • дипломдордун, билими тууралуу аттестаттын көчүрмөлөрү;
  • сунуш каттары (эгер бар болсо).

Документтер 2026-жылдын 9-июнуна иш күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин, 9.00дөн 17.30га чейин (тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин), Бишкек шаары, Москва көчөсү 190, 1 кабат, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону 0312 456 456

Байланыш маалыматы:

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.