Бүгүн, 2026-жылдын 6-июлунда, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнчаагенттиги менен «АБанк» ААК кепилдик учур келип чыккан учурда аманатчыларгакомпенсация төлөө жана отчетторду берүү тартиби жөнүндө келишимге кол коюшту.
Келишимге кол коюу Агенттик тарабынан агент-банктарды алдын ала тандоо жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча ишке ашырылды. Анын негизинде «АБанк» ААК алдынала тандалып алынган агент-банктардын тизмесине киргизилген.
Келишимге Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигининаткаруучу директору Кадырбек Букуев жана «АБанк» ААКнын Башкармасынынтөрагасынын орун басары Айгүл Телеушева кол коюшту.
Түзүлгөн келишимге ылайык, «АБанк» ААК Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктинагент-банкынын функцияларын аткарат. Кепилдик учур келип чыккан учурда банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдөаманатчыларга компенсация төлөп берет, ошондой эле жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнчаАгенттикке отчетторду тапшырат.
Келишим тараптардын компенсациялык төлөмдөрдү уюштуруу жана жүргүзүү боюнча өзара аракеттенүү тартибин, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигинаныктайт.
Бул келишимге кол коюу Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынынкепилдик учур келип чыккан учурда аманатчыларга компенсациялык төлөмдөрдү ыкчамжүргүзүүгө даярдыгын камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп саналат жана өлкөнүнбанк системасына болгон калктын ишенимин мындан ары да бекемдөөгө багытталган.


