К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде студенттер үчүн депозиттерди коргоо системасы жана финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө студенттерге: 🔹 депозит деген эмне жана ал кандай корголот; 🔹 Депозиттерди коргоо системасы кандай иштейт; 🔹 финансылык каражаттарды туура башкаруу; 🔹 акча топтоодо жана банктык кызматтарды колдонууда эмнелерге көңүл буруу керектиги тууралуу маалыматтар берилди. Мындай жолугушуулар жаштардын финансылык билим деңгээлин жогорулатып, акчага жоопкерчиликтүү мамиле кылууга өбөлгө түзөт. Переведи на русский