Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Депозиттерди коргоо фондун башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси бош кызмат ордун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.
Сынакка экономика, финансы же банк иши багыттары боюнча жогорку билими бар, ошондой эле экономика, финансы, банк иши, бухгалтердик эсеп же финансылык отчеттуулукту талдоо жаатында кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасы бар талапкерлер чакырылат.
Экономика, финансы, банк иши, финансылык талдоо же ага жакын багыттар боюнча квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган сертификаттардын, күбөлүктөрдүн же башка документтердин болушу артыкчылык болуп эсептелет.
Документтер 2026-жылдын 6-июлдун саат 17:30га чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 190, 1-кабат.
Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 45-64-56 телефонуна кайрылсаңыз болот. Резюмелер жана документтер deposit@deposit.kg электрондук дарегинде да кабыл алынат.